Орусиянын Тергөө комитети 25-сентябрда ИИМдин коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын биринчи орун басары, генерал-майор Александр Мельниковду ишкерден 100 млн рубль пара сураганы боюнча шектүү деп кармады. Бул тууралуу РЕН ТВ билдирди.
Көрсө, баягы-баягы Текебаев менен Чотоновду 1 млн доллар пара алды деп каматкан Леонид Маевскийди “кылмыш жоокерчилигинен куткарып бере алам” деген сунуш менен орус ИИМинин генералы 100 млн рубль пара сураган экен. Ал эми Маевский “Альфа банктын” кош ээлери Михаил Фридман менен Петр Авенден “банкка зыян келтире турган маалымат таратып жиберем” деп коркутуп, 50 млн доллар талап кылгандыгы үчүн камалган. Мамдуманын мурдагы депутаты Л.Маевскийге карата кылмыш иши былтыр 14-ноябрда козголгон. Ал 15 жылга соттолуп кетиши мүмкүн.
Ошентип Леонид Маевский өзүнөн пара сураган деген айып менен үч бакандай кишини каматты. Буга чейин кыргыз саясатчылары Текебаев менен Чотоновду 1 млн доллар пара алып, убадасын аткарбай коюшту деп каматса, эми Россиянын ИИМинин бакандай генералын каматып жатат. Иши кылып бири-бирин эле жайлаган “миллионер” алдамчылар жайнап кетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ