Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов “Бишкек Парк” көңул ачуу жана соода борборунун генералдык директору Хусаметтин Йылмаз мырза менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө шаар казысынын орун басары “Бишкек Парк” көңул ачуу жана соода борбору бардык мусулмандарга жакшы шарт түзүп берип, намаз окуучу жай менен камсыз кылгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, Бишкек шаардык казыятынын ардак баракчасын тапшырды. Ал Хусаметтин Йылмаз мырза Бишкек парктагы намаз окуучу жай мусулмандар үчүн бардык шарттары менен түзүлүп, муктаждыктан улам жума намазы дагы окулуп келээрин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ