Бишкектеги парламент имаратынын алдында кезектеги пикет өтүүдө. Аялдар кыймылынын активисттери экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жаңы шайланган мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуусуна жол бербөөнү талап кылышууда.
“Ал жоопкерчиликсиз президент болгон. Ал президент болуп турганда коронавирустун айынан көптөгөн өлүмдөр болду. Анын инаугурацияга катышууга моралдык укугу жок. Ал майрамдарга катышпай, кыргызстандыктардын өлүмүнө жооп бериши керек”, – деди нааразы болгон Нургүл Кожомбердиева.
Ошондой эле аялдар пандемия учурунда жакындарын жоготконун билдиришип, окуялардын ачык-айкын иликтенишин күнөөлүүлөрдүн бардыгына жооп берүүнү талап кылышты.
Эсиңиздерге сала кетсек, Нургүл Кожомбердиева социалдык тармактарда Алмаз Атамбаевдин тарапкери жана регионалист катары таанымал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ