Menu

Британ ханзаадасы Эндрю секс-жаңжалга байланыштуу коомдук милдеттеринен баш тартты

Бөлүшүү:

Улуу Британия ханышасы Елизавета IIнин уулу, ханзаада Эндрю америкалык финансист Жеффри Эпштейн менен болгон достук мамилесине байланыштуу падыша үй-бүлө мүчөсүнүн расмий мелдеттеринен бошотууну сурады. Жеффри Эпштейн жашы жете элек өспүрүмдөрдү сексуалдык жактан соодалоого айыпталган.

Августта Эпштейн Нью-Йорк түрмөсүндө өз өмүрүн кыйган.

Букингем сарайынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө ханзаада Эндрю бул чечимди үй-бүлө мүчөлөрү менен кеңешип, өзү кабыл алганы жазылган. Ошол эле маалда падыша үй-бүлөсүнүн биографы Роберт Лейси ханзаадага кысым көрсөтүлгөнүн билдирүүдө.

Ханзаада Эндрюну Эпштейнден зомбулук көргөн кыздарга көңүл айтпаганы үчүн жемелешкен. Буга чейин жабырлануучулардын бири Вирджиния Жуффре финансист аны таасирдүү адамдар менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаганын, алардын арасында ханзаада Эндрю да болгонун билдирген. Ал кезде кыз 17 жашта болгон. Ханзааданын уулу Жуффре менен мамиледе болбогонун айтып, бирок Эпштейн менен 1990-жылдардын башында достошконун айткан.

Ханзаада Эндрю америкалык миллиардер менен “акылга сыбас мамиледе” болгону үчүн өкүнөрүн билдирип, жабыркагандарга көңүл айткан. Ал Эпштейндин аракетин иликтөөдө укук коргоо органдарына жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: