Menu

Видео – Өзбекстанда студенттердин нааразылыгынан кийин окуу баасы арзандамай болду

Бөлүшүү:

Студенттердин нааразылыгы күчөгөндүктөн Өзбекстандын Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги менен Каржы министрлиги окуу баасын 10 пайызга арзандатты.

Мындан тышкары окуу жайлар жетим жана майып студенттерге жана социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү жардам көрсөтүп турмай болушту.

Расмий маалыматтарга караганда, жардамдын көлөмү 4 миллион сумду (400 доллардын тегегери) түзөт.

Быйыл июль айынын аягында өзбек бийлиги келишимдик негизде акы төлөп окуган студенттер үчүн 2020-2021-жылдары окуу баасы өзгөрбөй турганын жарыялагандан кийин студенттердин нааразылыгы күчөгөн.

Өзбекстандык студенттер Telegram’дагы бир нече топтор аркылуу өзбек өкмөтүнө кайрылуу жолдошуп, пандемиядан улам калк каржалып тургандыктан, окуу наркын төмөндөтүүгө чакырышкан.

Telegram-каналдардын бириндеги сурамжылоо катышкан 120 миң студенттин 91 пайызы жаңы окуу жылында бийлик жогорку окуу жайларындагы окуунун баасын төмөндөтүшү керек экенин билдиришкен.

Быйыл Өзбекстанда 1-курстун студенттери 1-октябрда мурункудай салттуу түрдө же аралыктан окуйт. Калган курстардын студенттери 2-сентябрдан тартып онлайн окуп башташат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: