Бүгүн, 16-августта белгилүү болгондой Байыш Юсупов КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал буга чейин өкүлдүн биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Ал эми КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу мурунку өкүлү Узарбек Жылкыбаев 7-августта отставкага кетип, “Республика” партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого аттанды.
Байыш Юсупов Ош облусунун Кара-Суу районунда 1957-жылы туулган. 2009-2012-жылдары Кара-Суу районунун акими болуп иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ