Бүгүн, 15-августта “Ак-Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана коомдук-саясий ишмер Кубанычбек Исабеков 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына келип кошулушту. Бул тууралу партиянын жаштар канатынын лидерлеринин бири Мирбек Мунарбек уулу билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына 7 партия кошулганын билдиргенбиз.
Алар:
1) “Кыргызстан коммунисттер” партиясы – Исхак Масалиев
2) “Эрк” партиясы – Турсунбай Бакир уулу
3) “Эгемен Кыргызстан” партиясы – Бектур Асанов.
4) “СССР” партиясы – Ишенбай Кадырбеков
5) “Ак калпак” партиясы – У. Маматаев
6) “Улуу көч” партиясы – А. Момунов.
7) “Бүткүл жаштар” партиясы – Ч. Капаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ