Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.
Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат катары:
Макулдашуунун максаты болуп Ош, Каракол шаарларында, Нарын облусунун айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда суу менен камсыздоо жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча чакан иш-чараларды каржылоо саналат.
Макулдашууну ишке ашыруу үчүн финансы каражаттары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 10 млн АКШ доллар суммасында грант түрүндө берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ