Menu

Кредит алгандан коркпогон Иса Өмүркулов Кыргызстандын карызын төлөп бербейби?

Бөлүшүү:

Кыялында президенттик так көзүнөн учкан КСДПчы депутат Иса Өмүркулов карыздын үстүнө карыз кылып кредит алгандан коркпойт экен. Кечээки парламент жыйынында ал кредит ала бериш керектигин жана аны жол салууга ж.б. керектөөлөрге жумшаш керектигин, акырындап төлөп берерибизди айтты.
Ал эми ошол эле жыйында депутат Тынчтыкбек Шайназаровдун айтымында, бүгүнкү күндө ар бир кыргызстандыктын мойнунда (бешикке бөлөнгөн, ал гана эмес энесинин курсагында жаткан баланын да) 50-60 миң сомдон чет жактан алынган кредиттин карызы илинип турат.

Карыз ала берип, кийинки муундун мойнуна илип койгонду бийликтегилер абдан жакшы үйрөнүп алышты. Эл алдына, же трибуната чыгып сүйлөшсө тилинен чаң чыгат тимеле, ал эми жумушсуздук менен
жакырчылыктан чыгаруунун жолун бирөөсү да элге көрсөтүп бербейт.

Эгерде Иса Шейшенкулович ошондой эле кредит алгандан коркпогон неме болсо, анда ала берсин да, андан кутулуу милдетин өзүнө жүктөсүн. Буга эч ким каршы болбойт. Бирөө айтмакчы, биз чындап эле Орто Азиянын ажыдаарына айландык – карызды очойто алып, анын көбүн жеп-ичип, сапатсыз инфраструктура салуу боюнча бизден эч бир коңшу мамлекет озуп кете албайт.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: