Кечээ 25-июнда КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:49да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Кочкор районунун Орток, Кызыл-Дөбө, Комсомол, Ак-Талаа айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ