Учурда «Кыргызстан» саясий партиясынын ичинде партия мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер орун алып жатканы, буга Бишкек шаардык кеңешине талапкерлерди алдын ала тандоо боюнча аракеттер себепчи болгону тууралуу кеп кетти. Ал тургай учурда партиянын ЖКнын депутаттыгына талапкер болгон мүчөлөрү да арызын жазып, партиядан чыгып кетип жатышыптыр. Айрыкча шайлоо алдындагы “Ак шумкар” саясий партиясы менен болгон ымалашуудан кийин партияга келген экс-премьер Темир Сариевдин адамдары тобу менен өз партиясына кайтып жатышат дешет. Ошондо кийинки шайлоолордо “Кыргызстанга” “Ак шумкар” айгак болуп, эки партия бирине-бири көө жаап, өткөн-кеткен иштерди айтып чыгып ит-мышык болуп калышат окшойт. Ошентсе дагы партиядан депутат Темир Аргенбаевичтин кан досу Тынчтык Конушбаевдин мандатын таштап басып кетпей, Канат Исаевге каш кагып турганы турган. Жарыктык, бир карасаң ал кесиптеши Жыргалбек Саматовдон айырмасы жок, фракцияга барбайт, өзү бий, өзү кожоюн…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ