Menu

Иран террорчулар тууралуу сөзү үчүн Трамптын кечирим сурашын талап кылды

Бөлүшүү:

Ирандын руханий лидерлеринин бири Хатами шайлоо өнөктүгү маалында ирандыктарды «террорчулар» деп атагандыгы үчүн АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кечирим сурашын талап кылды.

Мындай билдирүүнү ал Трамптын инаугурациясынан кийин ядролук келишимди кайрадан карап чыгуу мүмкүндүгү тууралуу кептер болуп жаткан маалда жасады. Жумада АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер аталган келишим Вашингтон үчүн юридикалык милдеттенмеге ээ эмес экенин билдирген.

Анын айтымында, Трамп келишимди аткаруудан гана баш тартпастан, Иранга карата киргизилген экономикалык санкцияларды жеңилдетүү тууралуу Барак Обаманын буйругун да жокко чыгарышы мүмкүн.

Трамп шайлоо алдындагы өнөктүгүнүн алкагында мартта Иранды терроризмди колдоого жана Израилди опузалоого айыптаган. Миллиардер анда президент болуп шайланып калса Тегеранга каршы чараларды көрөрүн убадалаган.

2015-жылдын декабрында Сан-Бернардинодогу 14 кишинин өмүрүн алган аткылоолордон кийин Трамп мусулмандарды «АКШ үчүн коркунуч» деп атап, алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу керектигин айткан. Миллиардердин ал сөзү ММКлар менен социалдык түйүндөрдө катуу сынга алынган. Кийинчерээк Трамптын тарапташтары кеп анда бардык мусулмандар жөнүндө эмес, АКШга келүүгө аракет кылган радикал исламчылар тууралуу гана болгонун билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: