Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Өзбек президентинин милдетин аткаруучунун куттуктоосунда Жээнбековдун ишмердүүлүгү кыргыз-өзбек элинин көп кылымдык достугуна көмөк көрсөтөт – деп жазылган.
“Аны менен бирге, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселелери боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөр процесси укуктук багытта жүргүзүлүшү абдан чоң мааниге ээ», – деп белгиленет Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда.
Өзбекстан ТИМинин маалыматы боюнча 13-октябрга карата жалпы жонунан 56 тилке боюнча тараптардын көз караштары дал келди.
Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзөт. Анын 320 чакырымы такталбай турат. Мунун айынан акыркы жылдары чек арада ар кандай чыр-чатактар чыгууда.
2016-жылдын сентябрынан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын жандануусу байкалууда. Чек ара маселелери боюнча жумушчу топтор бир нече жолу жолугушууга жетишти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ