Бүгүн, 30-январь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Карамат Орозова өзүнүн дарегине Россияда убактылуу эмгектенип жүргөн Баткендеги Ак-Сай жана Көк-Таш айылынын тургундарынан кайрылуу каты келгенин айтты.
Эл өкүлү Россиядагы жарандардын кайрылуусун парламентте жаңыртып, мекендештердин үнүн коомчулукка жеткирди.
Баткендин тургундары кайрылуусунда жергиликтүү тургундар күч органдары тарабынан куугунтукталып жатканын айтып, камактагы айылдаштарын бошотууну суранышкан.
Депутат Карамат Орозова дагы камалган балдарды тез арада чыгарууну өкмөттүн өкүлүнөн суранып өттү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ