“Мен жыл сайын Бишкекте жазында, анан күзүндө эки концерт берчүмүн. Быйыл күзгү концертти даярдап алып, 3 айдан бери зал алалбайм. Ар кандай шылтоолор менен, ар кандай бут тосуулар менен бизге концерт койгонго залдарды бербей жатышат. Мисалы, мен Спорт дворецине кайрылып бир күндү болжоп айтканыма 2 айдын жүзү болду, бирок, бүгүнкү күнгө чейин келишимге кол коюп бере элек. Филармонияга барып сурадым, “кайсыл күн зал бош? Ошол бош күндөрдөн 2 күн берсең мен концерт койсом” деп. Бирок директору Кыргызбай Осмонов “Жоок, бош эмес, сентябрда, октябрда, ноябрда бош эмес” дейт. Анда “качан бош болот, ошол күндү айт?” десем, “жаңы жылга чейин бош эмес” дейт. Анда “жаңы жылдан кийин кайсы күнү бош болот?” десем, ал “май айына чейин бош эмес” дейт. “Макул май айынан кийин качан бош болот?” десем , “эми июнь-июль айларында, жайында сага эл аз келип калат да” дейт. “Элдин аз же көп келгени ал менин көйгөйүм, сага аренда акысын төлөп берсем болду да” десем, “жоок, болбойт” дейт. Эмне күнөөм бар, билбейм. Элге окшоп автомат көтөрүп алып, ак үйдү басып алганы барган эмесмин. Криминалды самолетко салып качырган эмесмин… Мен муну куугунтук деп эсептейм. Мындай куугунтук Акаев менен Бакиев замандарында да болгон эмес” – деди куудул Абдылда Иманкулов.
https://www.youtube.com/watch?v=B9bcMCvby6k
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ