«Жунда» заводу өлкөгө Кытайдан уулуу зат киргизип кеткен. Кыргыз өкмөтү аны артка кайтара албай жатат. Бул маалыматты Жогорку Кеңеш жыйыныңда айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов билдирди. «Өлкөгө киргизилбеши керек болгон уулуу зат киргизилип кетиптир. Аны кайра Кытайга кайтара албадык. Кытай тарап «ошол жактан эле жок кылып берсеңер» деп маселе койду. Биз аны Улуттук илимдер академиясына берсекпи деп жатабыз, анткени илимий изилдөө иштерине керек экен. Азыркы тапта уулуу зат кампада сакталып турат» дейт жетекчи.
Айрым эл өкүлдөрү аталган уулуу зат адам ден соолугуна өтө коркунучтуу экенин айтып, бул маселени тез аранын ичинде чечүү керектигин эскертишти.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ