Menu

Эртең Таластын облустук драма театрында “Жерүй” алтын кенине байланыштуу кереге кеңеш өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 5-февраль күнү Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында саат 11:00дө “Жерүй: көйгөй жана чечүү жолдору” деген аталышта кереге кеңеш өтөт.

Биз аталган жыйындын уюштуруучусу Айбек мырзага кайрылып, эртең өтө турган тегерек столго болгон даярдыктарды, кимдер катыша турганын сурадык. Анын айтымында эртеңки жыйынга бардык адамдар катыша алат.

“Мен азыр Таластамын. “Жерүй” алтын кениндеги маселелерге байланыштуу тегерек столго даярдыктарды көрүп жүрөм. Эртең боло турган тегерек столго  баардык тараптар катышат. Таластын губернатору Марат Жаманкулов, “Алтын Альянс” ЖЧКсынын директору Михаил Шубин, жергиликтүү бийлик, тоо-кен, өнөр жай тармагындагы адистер катышат. Муну менен катар кереге кеңешке ар бир жаран катышууга укуктуу” – деп билдирди Айбек Мырза.

Белгилей кетсек, “Эркин эл” саясий партиясынын теңтөрагасы Айбек Мырза Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келатканына көп жыл болду.  Таластагы “Жерүй” алтын кени боюнча көптөгөн тегерек стол уюштуруп, ал коомдук пикир жаратты жана жаратууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: