Атамбаев Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүндөгү эс алуу жайынын ачылыш аземинде сөз сүйлөп атып, чегара маселесине да токтолду.
Ал кыргыз-өзбек чегарасындагы абал ЖККУга билдирилгени боюнча бир катар сын-пикирлер айтылып атканына токтолуп, “Сактанганды Кудай сактайт. Ошондуктан биз ЖККУну болуп аткан кырдаал тууралуу маалым кылып коюуну чечтик”, – деди.
Президент өлкөдөгү саясий абалды чегарадагы көйгөйдү пайдалана калып өзгөртүп салуу амалын колдонгон айрым күчтөрдүн көксөгөнү ишке ашпай калганын да белгиледи.
“Мага чегарачылар айрым саясатчылар өзбек аскерлери турган жерден өтүп атышып, жаңжал чыгарууга аракет кылышканын айтып беришти”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ