Menu

Ауу, бийлик – учактагы жүктүн ээси табылдыбы? Же унутулдубу?

Бөлүшүү:

Биздин жакшыларга тиешелүү кыңыр иштер акырына чыкпай “жым, жым” болот. Анын сыңары кыркка чукул адам өмүрүн алып тынган учактагы жүктүн миллиардер ээси ким экени билинбей тынчып эле калды. Мындан улам “жүк Раиса Атамбаеваныкы экен…” деген божомолдордун чындыгы бардай туюлат. Болбосо кыргыз өкмөтү чаргытма оюндары менен көпчүлүктүн көөнүн башка жакка алаксытып, алдап келе жатышат. Алгач учактын кара кутучасы табылса эле баары белгилүү болорун айтып жатышты эле, анысы деле табылып, орусиялык эксперттерге өткөрүлүп берилгенин билебиз. Бирок, дале андан кабар жок. Эми болсо элдин чогулткан акчасы менен жабыркагандарды КР Өкмөтү сооротууга өтүп алган. Дегинкиси кырсыктын кайдан экенин алдын ала билген көсөм жок. Болору болду, боёсу канды. Эми болгону ошол мыйзамсыз көр оокаттын чыныгы ээси желмогуз болсо дагы таап чыгып, тиешелүү жазасын колуна карматыш эле калды. Эгер муну жасай албаса, биздин бийлик чынында өтө алсыз. Чындап келсе, кайдагы Белизден кыргыздын саясатчыларына тиешелүү документтерди таап чыккан чекисттердин чоңу Абдил Сегизбаевге бул иш семичке чакканчалык эле болсо керек. Эринбеи, Кытайдын тиешелүү кызматтарынан сураса сайрап беришмек. Демек, мында чындап эле хан айымдын катыштыгы болгону ырас болуп жатпайбы. Канчалык чындыкты капка катпайлы, ал акыры тешип чыгар.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: