Menu

Идеологиялык секретарь Мураталиевдин өлүмү

Бөлүшүү:

Жакында легендарлуу парлмент спикери Медеткан Шеримкулов 80 жашка толду! Медеткан Шеримкулов кийинки муундагы саясатчыларга, жаштарга өрнөк боло турган чоң тагдырга эгедер мамлеттик ишмерлердин бири экендиги шексиз. Жазуучу Мамасалы Апышевдин залкар саясатчы Медеткан Шеримкуловдун өмүрү жана ишмердиги тууралуу жазылган, “Жизнь замечательных людей Кыргызстана” сериясынан кыргыз жана орус тилдеринде жаңы чыккан китебинен айрым үзүндүлөрдү тартуулйбыз.

Кыргыз ССРинин Борбордук Комитетинин идеологиялык маселелер боюнча секретары Бейше Мураталиев абдан чыгаан инсан эле. Баары бири-бирине окшош кийинип, окшош сүйлөшүп, жүрүм-турумдары менен да бири-биринен анча айырмаланбаган партиялык жетекчилер арасында ал өзүнүн интеллигенттүүлүгү жана билимдүүлүгү менен кескин айырмаланып турчу. Демек, анын кол алдында иштей баштаган Медеткан Шеримкуловго дагы бир жолу оңдой берди болгон деп айтууга болот. Себеби, Мураталиевден да, жогоруда айтылган Салмоорбек Табышалиевден сабак алган сымал эле, дагы көп нерселерге үйрөнүп алууга болмок. Анын үстүнө, Бейше Тоголокович өз иш стили боюнча абдан демократиялуу инсан болчу. Аны менен кызматтык абалың төмөн экендигине карабастан, талашып-тартышып, айрым шек санаткан маселелерди оң чечсе боло турган. Башкача айтканда, ал башка көп чоңдорчосунан, өз кол алдындагылардан берилген тапшырманы тек гана так, өз учурунда, механикалык түрдө аткарып салууну талап кылчу эмес. Дайыма өз кызматкерлеринин эркин бош коюп, алардын алдына коюлган суроолор боюнча өз алдынча, чыгармачылык менен иштөөсүнө шарт түзө билчү.

Бардык эле чоң жана кичине мекемелерде ар бир эмгек коллективинин өз тартиптери, эрежелери болот эмеспи. Алардын ар биринде да өзүнө гана таандык, демейде сыртынан байкала бербеген, жашыруун интригалары да болот. Ал тургай бийликтин тепкичтеринде канчалык бийик жогоруласаң, ошол ар кандай айлакердикти да, интригаларды да көбүрөөк сезесиң деген пикир коомчулукта жашап келет. Бейше Тоголокович өзүнүн абдан ыймандуулугу, тактыгы жана айланадагылардын баарына бирдей жасалган илбериңки мамилеси менен өзгөчөлөнүп турчу. Өтө билимдүү адис болуу менен бирге, ал саясий жана идеологиялык маселелерди да терең түшүнө турган, ошол эле учурда, айылда өсүп чоңойгондуктан, элдин көйгөйлүү маселелерин да жакшы билчү.

Бейше Тоголокович Мураталиев тууралуу эл арасында ар кандай пикирлер арбын жүрчү. Алардын бири боюнча алганда, ал ошол кездеги республика жетекчиси Турдакун Усубалиевдин ордун баса турган реалдуу талапкер болчу. Бул туруктуу пикирдин жаралып калышына, сыягы, Мураталиевдин жетекчи катары оң имиджинен башка дагы, жаңыча типтеги жетекчи болуу менен бирге, андай жогорку кызмат үчүн зарыл болгон башка дагы бардык сапаттары бардыгынан улам себепкер болгондур. Кыскасы, республика жетекчи болууга зарыл реалдуу потенциалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон адам эле. Анан калса, адам катары дагы бийик маданияттуу, өтө билимдүү инсан болуп, адамгерчилик бийик сапаттары менен да айырмаланып турчу.

Мындан башка дагы, эл арасында Бейше Мураталиевдин кайнатасы – ленинграддык Советтик Армиянын генералы союздук өлкөнүн эң жогорку жетекчилигинин арасында кадыр-баркы өтө бийик, сөзү өтүмдүү адамдардын бири болгон дешет. Көрсө, Бейше Мураталиев студент кезинде Ленинградда окуп жүргөндө, орус улутундагы кызга үйлөнүптүр. Дегеле, ал кезде кыргыздар арасында интернационалдык никеге тургандар сейрек кездешчү.

Медеткан Шеримкуловго эки жылча дал ушундай өтө күчтүү жетекчинин кол астында иштеп, такшалуу шыбагасы буюрду. Албетте, жаш жана да чоң саясаттын ой-кырларын жаңы гана өздөштүрө баштаган партиялык ишмерге мындай жагдай катуу таасир калтырары шексиз. Белгилүү болгондой, жаш адамдын инсан катары биротоло калыптанышы ал өзү жашаган чөйрөгө байланыштуу болгон сыяктуу эле, жаш, зирек кызматкер дагы өз айланасындагы тажрыйбалуу адамдардан үлгү алып, аларга карап түздөнүп, дал ошол агымда өсүп, калыптана баштайт. Медеткан Шеримкулов дароо ушундай жогорку даражалуу кызматка дайындалып калса да, ага бардык жаш адистердин маңдайына жазылган ар кандай сыноолордон жана майда интригалардан татыктуу өтүүгө туура келди. Бирок, ал эрте, өспүрүм чагынан эле көп улуттуу өндүрүштүк жамаатта иштеп, кийин аскерде жүрүп, университеттин комсомол комитетинде такшалып калгандыктан, анча-мынча боло калчу майда-чүйдө оюндарга, ушак-айыңдарга көңүл бурбаганга үйрөнгөн.

Ал үчүн эң башкысы – өз жумушуна бүт дитин коюу менен иштөө гана маанилүү болуп, башка майда, күнүмдүк нерселерге көңүл бөлчү эмес. Дал ушундай мээнеткеч дилгирлиги менен гана ал айланасындагылардын урмат-сыйына татый алды. Медеткан өз ишине өтө берилип, эртеден кечке чейин баш көтөрбөй эмгектенүүнү көнүмүш адатка айлантты. Чынара деле буга жедеп көнүп бүтүп, кээде гана тамаша аралаштыра, эс алуу тууралуу да ойлоо жөнүндө кыйытып айтар эле. Медеткан ишемби күндөрү да кечке иштеп, дем алыш күнү гана үйдө тынч эс алчу. Жаш үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурууга чолосу тийчү эмес. Эртең мененки саат жети-сегиздерде кетип, ошол бойдон кайра кечки саат тогуздан кийин гана үйүнө кайтып келе турган болгон. Чынара: “Сен бүгүн кеч чыгып баратып, ЦКнын имаратындагы бардык жарыктарды өчүрүп, эшик-терезелеринин баарын жаап туруп, андан кийин гана келдиңби?” – деп кез-кезде тамашалап калчу. Медеткан Шеримкулов урмат-сыйлуу, жооптуу кызматта иштеп жатканына карабастан, Компартиянын Борбордук Комитетинин инструкторунун үй-бүлөсү дале болсо жеке менчик квартираны жалдап жашоону улантып келе жаткан. Болгондо да, чакан времянканы жалдап алып, азыркы телемунаранын алдындагы Мичурин көчөсү 64 деген даректе баш калкалап турчу. Азыркы Жибек Жолу проспектисинен ары бир аз ылдыйда ушундай квартира табылып калганына да абдан сүйүнүп кеткен. Бул квартиранын дагы бир артыкчылыгы – аба-ырайы кандай экендигине карабастан, бардык учурларда жумушка да, кайра кечинде үйгө да жөө жүрүүгө мүмкүн болчу. Медеткан жөө басканды абдан жакшы көрчү. Балким, эч качан спорт менен машыкпагандыктан, дене-бойду жазган ушундай эс алуу түрүн табигый түрдө тандап алса керек! Ошентип, ал чакан квартирада жаш үй-бүлөнүн үч жылдык өмүрү өткөн.

Эгерде алгач жумуш боюнча өзүнө карата эч кандай сын-пикирлер айтылбасына тырышып, ар бир ишти майын чыгара аткарса, мезгил өткөн сайын мунусу көнүмүш, күнүмдүк адатка айланып кеткен. Медетккан өз ишин ошентип бүт жан дилин берип, эч күч-кубатын аябай иштеп жүргөнүн көрүшүп, чогуу иштешкен коллегалары да көнүп калышкан. Ал эми Бейше Тоголокович буга ичинен абдан сүйүнүп жүргөн, ошондуктанбы, кээде ал өтө эле татаал жана кандайдыр бир кыйынчылыгы бар маселелерди дайыма Медеткан Шеримкуловго тапшырууга умтулчу. Сыягы, бул кызматкеринин абдан тыкан, жоопкерчиликтүү экендигине бекем ишеним артса керек.

Жогоруда айтылгандарга кошумча иретинде дагыбир нерсе жөнүндө, Борбордук комитеттин идеология боюнча кызматкерлеринин башына Александр Яковлевдин макаласынан улам, күтүүсүздөн келип түшкөн баягы чуулгандуу идеологиялык чырдан башка дагы, ошол кездеги эң жогорку жетекчилик айланасында түзүлүп калган бейрасмий мамилелер тууралуу да бир аз болсо да айта кетүү зарыл. Медеткан инструктор болуп иштей баштаган кез, республиканын эң жогорку жетекчилигиндеги адамдардын өз ара мамилелери да абдан чиеленип, татаалдашып кеткен учурга туш келди.

Себеби, Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиев ошол кезде республиканын жетекчиси болуп иштегенине он жылдан ашып, өзүнөн кичүү, бирок кызматтык келечеги кең партиялык шакирттерине ичи тардык кыла баштаганы байкалып калчу. А Бейше Мураталиев Совет доорунда өзгөчө маанилүү багыт катары саналган идеология маселелерин тейлеген секретарь болуу менен бирге, жогоруда саналган бардык параметрлери боюнча алганда да биринчиликке тымызын талапкер болушкан ошол расмий эмес атаандаштардын ичинде алдыңкы орунда турчу.

Республика жетекчиси Турдакун Усубалиев менен анын ордуна бейрасмий талапкер Бейше Мураталиев экөөнүн ортосундагы мамиле абдан начар экендиги ачык эле байкалып турчу абалга жеткен. Ким билет, мүмкүн жаш жана башкаларга жага билген, бийик интеллектуалдуу идеологдун өтө тездик менен коомдук жогорку абройго ээ боло баштаганы, биринчи жетекчиге анча жаккан эместир. Ошондуктан, ал өзүнүн мындай мамилесин дайыма ачык көрсөтүп, бул үчүн бардык ыңгайлуу жана ыңгайсыз учурлардын баарын тең текке кетирбей турган.

Бейше Тоголокович сыртынан эч нерсени билмексен, байкамаксан болуп, өзүнө карата жасалган мындай калыс эмес, ич күйдү мамиледен улам психологиялык жактан дискомфорт болуп жатканын билдирбей, баары менен бирдей ачык, жакшы мамилесин сактап калып, мурдагыдай эле күжүлдөй иштегенин уланта берди. Бардык эле маданияттуу, интеллигенттүү адамдарга таандык болгондой, кээде ыгы келе калганда тамашага чала, каткырып күлүп, айланасындагылар менен болгон мамилесин да жеңилдетип, өзүнүн тегерегинде түзүлө баштаган оор психологиялык атмосфераны жоюп салчу.

Көп өтпөй Медеткан Шеримкуловго Александр Яковлевдин баягы макаласынын кыргызча котормосун беришти. Макаланы ал кезде Борбордук Комитеттин пропаганда бөлүмүндө иштеген акын жана котормочу Билим Карагулов которуптур. Медеткан котормонун сапаты боюнча өзүнүн анча-мынча эскертүүлөрүн берди. Алар боюнча оңдоо, түзөтүүлөр киргизилди. А андан соң, ошол кездеги жазылбаган эрежелер жана тартип боюнча, бул макала бардык коомдук уюмдарда жана мекемелерде талкууланып, ага өз баасы берилиши керек болчу. Болгондо да, бир гана Яковлевдин макаласына карата өз ой-пикирин айтып коюу менен чектелип тим болбой, анда көтөрүлгөн маселенин өңүтү боюнча алганда, ага үндөш болуп кеткен, же айрым окшош сыяктуу жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу зарыл эле.

Бул маселенин актуалдуулугун ашынткан дагы бир нерсе – Яковлевдин чуулгандуу макаласында падышалык Россия, Армениянын тарыхы менен катар эле, учкай болсо да, Кыргыз ССРи жөнүндө да айтылган болчу. Тагыраак айтканда, ошол кездеги союздук республикалардын бири Кыргыз ССРинин башаттарынын бири – кыргыздын орто кылымдардагы тарыхындагы Улуу державасы айтылган.

Яковлевдин бул макаласынын жаңырыгы чет жактардагы республикаларда катуу чыккандай болду. Бери эле болгондо ал тууралуу талкуулар Москванын өзүндөгүгө караганда да алда канча курч, катаал мүнөздө жүрүп жатты. Мунун себеби, бул ыңгайлуу учурду пайдалангысы келген, тигил же бул маселелер боюнча оппонент болуп калышкан өз душмандарын буттан чалып жыгууга кызыкдар болушкан адамдар бардык тармактарда тең – тарых илиминде да, башка коомдук илимдерде да, адабият-маданиятта да өтө көп болуп чыкты.

Дал ошол псевдоокумуштуулар, псевдотарыхчылар жана да Кудай табигый таланттан кур-жалак койгон тилчилер менен жазуучулар өз оппоненттерине ар кандай саясий ярлыктарды тагып, аларды жалпы коомчулук үчүн өтө коркунучтуу, зыяндуу адамдар катары көрсөтүүгө далбас ура башташты. Албетте, бул маселени чечүүдө үстүртөн мамиле жасалса, дайыма илимий чындык үчүн жан аябай күрөшүшкөн, тарыхый адилеттуүлуккө кыянатчылык кылууга бара алышпаган окумуштуулар, тарыхчылар жана жазуучулар көбүрөөк жапа тартып калышмак. Бирок, жаш идеолог Медеткан Шеримкулов бул маселени дароо эле, ары-бери чампалап, жаба салууга ашыккан жок…

(уландысы бар)

Мамасалы Апышев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: