Ал мындан ары мамлекетти башкарууга баш-оту менен киришет. “15-декабрда Нью-Йоркто балдарым менен маалымат жыйынын өткөрүп, анда бизнести толугу менен калтырып, Американы кайрадан улуу кылууга киришерим жөнүндө сөз болот” деп жазды Трамп 30-ноябрда Твиттердеги баракчасына.
“Мени бизнес-операциялардан четтеткен укуктук документтер толугу менен даярдалды” деп кошумчалады Трамп.
CNN билдиргендей, Трамп 500дөй компанияны жетектейт, көзөмөлдөйт же башкарууга катышат. Алардын ичинен 150дөйү чет өлкөлөрдө иштешет. Трамп Forbes рейтингинде 475 орунда турат. Анын байлыгы 4 миллиард доллар деп бааланат.
Дональд Трамп президенттик кызматка январь айында киришет. Анын чоң балдары бизнес-империясын башкармакчы. Дональд Трамп ошондой эле “Голдман Сакс” банктын мурунку аткаруучу директору Стивен Мнучин финансы министрлигине, миллиарддер Уилбур Росс соода министрлигине көрсөтүлгөнүн 30-ноябрда кабарлады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ