Menu

Кыргызстандагы «Себат» мектептери “Сапат” болуп өзгөртүлөт

Бөлүшүү:

Өлкөдө иштеп жаткан «Себат» билим берүү мекелери жабылбайт, алардын аталышы «Сапат» болуп өзгөртүлөт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттерге билдирди.

Ал балдарга жакшы билим берип жаткан “Себат” мектебин Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган саясий уюмдарга аралаштырууга болбосун айтты:

-Биз “Себат” эмне менен алек болуп жатканын билебиз. Ошентсе да, мен уюмдун уставын кайрадан иштеп чыгууну тапшырдым. Бул деген кадимки эле мектептер, биз алардын билим берүүсүнүн сапатына карап, “Сапат” деп өзгөртөбүз.

Алмазбек Атамбаев бул мектептердеги билим берүүнүн сапатына жана сабактарга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп келгенин белгилеп, мындан ары да мындай көзөмөл уланарын кошумчалады.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемеси Гүлендин кыймылына тиешелүү деп билдирип, кыргыз-түрк лицейлери жабылышы керектигин, Кыргызстанда да төңкөрүш жасоого белсенген күчтөр бар экенин эскерткен болчу. Көп өтпөй Алмазбек Атамбаев “Себат” лицейлери жабылбай турганын, балким билим берүү багытында бир аз өзгөрүүлөр кириши мүмкүн экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: