Келечек бүгүнтөн башталат!
Урматтуу мекендештер жана журналист кесиптештер!
2016-жылдын 26-сентябрь күнү саат 11.00 дө “Ак кеме” мейманканасынын кичи залында курамына коомдук-саясий, улуттук-мекенчил күчтөр, атуулдук коом,журналисттер, жаштар кирген “Референдумга жол жок” кыймылы маалымат жыйынын өткөрөт жана Референдумга каршы кол топтоо жараянын расмий баштайт. Өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалдан улам, бийликти узурпациялоого жол бербөө жана референдумду болтурбоо максатында кол топтоо жараяны башталды. Бийлик тарабынан бардык укуктук-юридикалык процедуралык талаптарды одоно бузуу менен тар саясий кызыкчылыктан улам жалпы элдик добуш берүүгө коюлуп жаткан Конституциянын долбоору улуттук-мамлекеттик кызыкчылыкка караманча каршы келгендиктен референдумдун өтүшүнө каршы турган мекендештерди бул акцияга активдүү катышууга чакырабыз. “Референдумга жол жок” кыймылы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ