Menu

Өмүрбек Абдрахманов: “Максим Бакиевге тиешелүү БНК компаниясын революциядан кийин Текебаев баш болгон “Ата-Мекенчилер” башкарышып, $ 60 млн турган компанияны $ 3 миллионго саттык дешкен, ортодон $ 57 млн пайда табышкан”

Бөлүшүү:

— Россиянын биздин мамлекетке болгон үстөмдүгү күчөп жатканы билинүүдө. Стратегиялык маанидеги ишканалардан тартып жеке мекемелерге чейин орустардын компаниялары сатып алып жатканы да көп нерсени билдирсе керек. Жакында эле “БНКны” орустардын компаниясы сатып алды. Буга чейин “БНКга” “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты ээлик кылып келгени айтылган. Бул жерде дагы эл билбеген сыр барбы?

— Туура айтасыз, Россиянын бизге болгон үстөмдүгү күчөп жатат. Эч качан стратегиялык жана табигый монополия болгон ишканаларды башка мамлекеттерге бербешибиз керек эле. Эгер бере турган болсок үчтөн бирин гана берип, монополияга каршы мыйзамды сактасак болмок. Тилекке каршы, нефть продукталарын, газ системасын толугу менен бир мамлекеттин, анын ичинде, бир адамдын башкаруусунда турган Россиянын “Газпром” жана “Роснефть” компанияларына кармата бердик. Демек, бул монополия аркылуу алар Кыргызстанды каалагандай башкара алышат. Максимге тиешелүү болгон БНК компаниясы декрет менен улутташтырылган. Анын башкаруучусу болуп “Ата-Мекен” партиясынын бир адамы коюлган. Кийин БНК аукционго коюлуп 50 миллион долларга сатылган. Бирок, эмнегедир ал аукцион жокко чыгарылып, кайра 3 миллион долларга БНК компаниясынын мурунку башчылары менен бирге сатып алышкан. Эми ал компанияны “Роснефть” компаниясы сатып алды. Кээ бир экономикалык анализчилердин айтуусуна караганда БНК 60 миллион долларга сатылган. Эгер мамлекет БНКны өзү сатканда 60 миллион доллар бюджетке түшмөк. Коомдо Текебаев башчылык кылган ортомчулар 57 миллион доллар пайда табышканы айтылып жатат. Ошол себептен Россиянын чоңдорун сөгүп жүргөн Текебаев эми Россияны мактап, Бажы биримдигине тезирээк кошулалы деп сайрап жатканы ушундан да болушу мүмкүн.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

PS. “Ата-Мекенчи” экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов редакция менен байланышып, бул Максим Бакиевдин революцидан кийин атамекенчилерге өткөн “БНК” ишканасын Россиянын “Роснефть” компаниясы $ 34 млн долларга сатып алышканын расмий тастыктаганын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: