Өткөн жумада бийлик 4 жылдан бери өтпөй жаткан “Референдум тууралу мыйзамды” бир жумада өткөрүп салып, конституцияны өзгөртүүгө жол ачууга катуу киришти. Шейшемби күнү КСДПчы Асел Кодуранова жетектей баштаган комитеттен мыйзамдарды жана регламентти одоно бузуп өткөрүшсө, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы отурумуна алып чыгышты. Ошол эле күнү Конституцияны өзгөртүүгө жол ачып берүүчү “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алдырууга жетишишти. Бул мыйзамга жалпысынан 98 “макул”, 6 депутат”каршы” добуш беришти.
“Ата Мекен” фракциясынан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Наталья Никитенко аталган мыйзамга каршы чыгышса, Сайдулла Нышанов, Эмил Токтошев жана Абдимуктар Маматов “макул” деп добуш беришти. Калган Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Бахадыр Сулейманов сыяктуу 5 “атамекенчи” жыйында болгон жок же долбоорду колдобой коюшту.
Мыйзамды талкуулоо учурунда да атамекенчи Өмүрбек Текебаевди негизинен эле “Бир бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова тикесинен-тик туруп колдоп берди. Ал эми Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Бахадыр Сулейманов сыяктуу депутаттар бийликтин сүрүнөн чочулап бир жерин кысып олтурушту. Эгер лидери Текебаевди атамекенчи депутаттар өздөрү колдобосо анда деги ким колдойт?
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ