Мурда КСДП десе эл Алмазбек Атамбаевди түшүнүшчү. Партияда кашкайган жүзү бар эле. Азыр болсо жагдай такыр башка. КСДП десе Анвар Артыковду, Мээрбек Мискенбаевди, Рыскелди Момбековду, Кожобек Рысбаевди билип калышты. Дагы башка көзгө комсоо каармандары бар дечи, бирок, бул төртөө соңку убактарда өзгөчө “брендге” айланышып, элдин эсине ар кандай сезимдерди жаратышты. Маселен, кыжырдануу, күлкү, обужок сөздөр, айтор, коомчулуктун көңүлү үч көчкөн журттай калып, партиянын “шоумендерине” баш чайкагандан башка арга калбады…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ