Азыр Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун 71-Генералдык Ассамблеясында, 20-сентябрда БУУнун Генкатчысы Пан Ги Мун чыгып сүйлөп, дипломаттык этикетти мындай жыйыштырып коюп эле бүгүнкү күндүн курч көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз мамлекет башчыларын катуу сынга алды. Ал дүйнөлүк лидерлер өз жарандарынын алдында жоопкер экендигин, ал эми эл аралык коомчулук бүгүнкү адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмдүү экенин эскертти.
“Жарандар жана алардын лидерлеринин ортосун бири-бирине ишенбөөчүлүктүн терең ажырымы бөлүп турат. Экстремисттер адамдарды “өзгө” жана “жатка” бөлүүнүүгө мажбурлашууда. Жер эне адамдардын мындай жоруктары үчүн бизге болуп көрбөгөн ысык аптаптар, каардуу бороон-чапкындар, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү менен жооп кайтарып жатат.
Пан Ги Мун көп саясый лидерлер өз жарандарынын кызыкчылыктарын “сатып” кетип жатышкандыктарына көңүл бурду. “Биз көп мамлекет башчыларынын бийликти колдо кармап калуу максатында конституцияны өзгөртүп кайра жазып жаткандарына, шайлоо процесстерин будамайлагандарына жана башка ыксыз жанталашуулардын күбөсү болуудабыз. Андай жетекчилер алардын даражалуу кызматы – алардын жеке менчиги эмес экенин, болгону аларга болгон жарандардын ишеним көрсөтүүлөрү гана экенин түшүнүүлөрү тийиш. Мен ачык эле айтып койоюн: силер өз элиңерге кызмат гана кылышыңар керек. Демократияны чайпалтууну, өз өлкөлөрүңөрдүн жаратылыш байлыктарын урдап-тоноону, силерди сынга алгандарды кыйноону жана темир тор артына тыгууну токтоткула”, – деди Пан Ги Мун.
Эсиңиздерге сала кетсек, 26- сентябрга чейин созула турган БУУнун 71-Генассамблеясына бүгүн дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн жетекчилери катышууда.
Булак: un.org
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ