Тажикстан Транспорт министриги тажик-кытай чек арасында турган 100дөй фуранын өтүүсүнө уруксат берди. Жүк ташуучу унаалар 2-майдан бери “Тохтамыш” терминалында белгиленген нормадан бир нече эсе ашыкча салмактагы жүк жүктөп алышканы үчүн Тажикстанга киргизилбей токтоп турушкан.
“Айрым фуралар белгиленген 40 тоннанын ордуна 50-80 тоннадан ташып жатышат. Бул ашыкча салмактар жолдордун мөөнөтүнөн мурда бузулуп жатышынын негизги себептеринин бири болууда”, – деген министрлик кызматкерлеринин бири.
Министрлик ашыкча жүк жүктөлбөшү керектиги тууралуу транспорт компанияларына бир канча жолу эскертүү бергени менен жолдордогу абал өзгөрбөй келет.
Мургаб районундагы ”Токтамыш” терминалында бир аптадан бери токтоп турган айдоочулар 10-майда Тажикстанга өтүүгө уруксат берилгенин билдиришти. “Ашыкча жүк үчүн айыппул төлөйт экенбиз, бирок биз азыр кооптуу аймактан чыгып кетишибиз керек. Алдыда дагы токтотушабы-жокпу белгисиз, себеби биз ошол эле жүк менен жолубузду улайбыз”, – деди айдоочулардын бири.
Терминалда калган фуралардын айдоочулары 8-майда азык-түлүк запастары жана акчалары түгөнө баштаганын айтып даттанышкан.
Транспорт министрлигиндеги булактар билдиришкендей, Кытай бийлиги жолдун абалына катуу көзөмөл жүргүзгөндүктөн, ал жакта ашыкча жүк ташып өтүү мүмкүн эмес. Мындан улам тажик чек арасына чейин жүк үч унаа менен алынып келип, андан ары бир унаага жүктөлүп ташылат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ