Menu

Канн кинофестивалында Казакстандын сегиз тасмасы көрсөтүлөт

Бөлүшүү:

71-Канн кинофестивалындагы сынактарга Казакстандын сегиз кинотасмасы катышат.

Фестивалдын негизги сынагынын алкагында Сергей Дворцевойдун «Айка» аттуу эмгеги көрсөтүлөт. Бул тасманы тартууга Орусия, Германия, Польша жана Казакстан компаниялары катышканы менен сынакка ал казак тараптын атынан катталган. Сергей Дворцевой Шымкент шаарында туулуп-өсүп, 1990-жылдардын башында Орусияга көчүп кеткен.

«Айка» драмасында Москвада төрөлгөн баласын төрөт үйүнө таштап кеткен кыргызстандык мигрант келин тууралуу жана анын башынан өткөргөн оор күндөрү, энелик сезиминин козголушу тууралуу баяндалат. «Айканы» тартууга казакстандык продюсер Гүлнара Сарсенова дагы катышкан.

Кинофестивалдын «Өзгөчө көз караш» программасында казакстандык режиссер Адилхан Ержановдун «Дүйнөнүн мемиреген көңүл коштугу» деген тасмасы көрсөтүлөт. Ал сынакка Казакстан менен Франциянын биргелешип тарткан тасмасы катары катталган.

«Ассоциациялар көз карандысыз кино жана анын таралышы үчүн» (ACID) программасында казакстандык режиссер Ольга Коротьконун «Начар кыш» тасмасы көрсөтүлөт. Кинофестивалдын алдында режиссер «Азаттыктын» казак кызматына интервью берип, тасма дээрлик бюджетсиз, бир гана камерага тартылганын билдирген.

Булардан тышкары 71-Канн кинофестивалынын башка программаларына казакстандык кинорежиссерлор тарабынан тартылган дагы беш тасма катышат. Алардын экөөсү — Венера Каиржанованын «Жашынмак» жана Берик Жахановдун «Асан» деген эмгектери мамлекеттик «Казакфильм» киностудиясынын колдоосунда тартылган. Калган үч тасма — Алма Баймуратованын Pearl, Асель Аушакимованын «Жаңылыктар» жана Жаннат Алшанованын «Сезондун соңу» тасмалары көз карандысыз киностудияларда тартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: