Menu

Феликс Кулов: «Рысбек Акматбаевди өлтүрүп кеткенде, Максим Бакиев аябай кубаныптыр»

Бөлүшүү:

— Феликс Шаршенбаевич, сизди Батукаевдин карындашын алып алган деп айтышат. Аялыңыз чечен улутунун кызыбы?

— Аялым Токтогулдан. Кыргыздын эле кызы.

— Жогорку Кеңештин депутаты, Рысбек Акматбаевдин бир тууганы Тынычбек Акматбаев менен жолугуп сүйлөшкөнсүзбү? Анын Батукаев жаткан түрмөдө өлтүрүлүшү, сизди Батукаевге жакын деген маалыматты күчөтпөдүбү…

— Мен түрмөдөн чыгып, премьер-министр болгон кезде Тынычбек Акматбаев түрмөлөргө барууну көздөгөн. Алар Рысбек Акматбаев менен бирге “каралар” менен бийлик үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Рысбек Акматбаев “каралардан” өзүнчө болгондуктан, анын өзүнчө мыйзамы болгон. Ал “Кыргыздарды чечендер басмырлап жатат” деген мүнөздү карманган. Чындыгында, Батукаевдин тегерегинде кыргыздар көп болуп, чечендер болгон эмес. Мен таң калгам. “Каралар” улутуна карап бөлүнбөйт, аларда андай түшүнүк жок. Ысык-Көлдүк кыргыздар түрмөдө жыйналыш кылганда “общак” келип жазасын бергенде, баары качкан. Аларга чечен улутундагы Казбек “сүйлөшүүгө чогулгандарды неге токмоктоп жатасыңар” деп болушканда, “Булар эмне үчүн жердешчилик кылып жыйналыш кылып жатат? “Шпана”, “мужики”, “пеньчи” баары чогулуп жатпайбы?” дешкен. Көрсө алар улутуна, жердешине карап бөлүнбөй, статусуна карап бөлүнөт экен да. Тынычбек Акматбаев баардык түрмөлөрдү кыдырып “Көрдүңөрбү, биз баардык жерге барып, “каралардын” баарына басым жасап жатабыз” дегенди көрсөткүсү келген. Батукаевде “мыйзамдагы ууру” катары аны Акматбаев тааныбай, басым көрсөтүп жаткан соң, ага макул болуп түрмөгө киргизиш керек болчу же аны өлтүрүү жолу гана калган. Алардын мыйзамы боюнча башка аргасы жок болгон. Тынычбек “мыйзамдагы уурулардын” мыйзамын билген эмес. Андай кырдаалды жаратпаш керек болчу. Ага ошого жол берген ИИМдин күнөөсү болгон деп эсептейм. Тынычбек түрмөлөрдү кыдырганда жөн эле таанышпастан, Батукаев тууралуу сөздөрдү айткан. Анын сөзүн жеткизип барышкан да. Мага “Тынычбек Акматбаев парламенттин сот реформасы боюнча кемитеттин төрагасы болду. Ушул туурабы? Анын агасы Рысбек Акматбаевди соттор актап жиберсе эч ким ишенбейт да?” деп суроо берген. Ооба, бул жерде суроолор жаралат, ошондой шек санаган сөздөр болушу мүмкүн деп жооп бергем. Менин жообумду Тынычбекке жеткизишиптир. Мен биринчи вице-премьер-министр, ал парламенттин депутаты болчу. Мага келип “Байке, сиз мага каршысызбы?” деп сурады. “Мен эмне туура эмес жооп бериптирминби? Эгер Рысбекти сот актаса көп суроолор жаралат десем, “Ошондой болобу?” деген. “Менин сага кеңешим, агаңды соттон актагың келсе комитет жетекчилигинен баш тарт, ошондо ыңгайлуу болот деп айткам.

— Сиз Тынычбек Акматбаевди өлтүргөн түрмөгө барбадыңыз беле. Сизге маалыматты ким айткан?

— Мага ИИМ министри Мурат Суталинов телефон чалып “Тынычбекти түрмөдө жарадар кылышыптыр” деп билдирди. Андай болгон соң президентке абал тууралуу маалыматты айтпайсыңбы! Силер президентке түз баш ийесиңер десем, “Мен машинада баратам, кантип байланышат элем? Сиз айтпайсызбы?” деди. Макул деп Курманбек Бакиевге абалды айтсам, “Жогорку Кеңештин депутаты түрмөдө жарадар болуп жатса өзүң эле барганың оң” дегенинен баргам. Барсам баары сыртта турушуптур. Түрмөнүн ичине кирбейсиңерби десем, баары унчукпайт. Түрмө жетекчисинин орун басарына телефон чал десем, “Мен чалсам номеримди билишет, телефонду албай коюшат” дейт. Жардамчыма сен чал дедим. Ал чалса алды. “Мен премьер-министр Феликс Куловдун жардамчысы болом” деп өзүн тааныштырып сүйлөшө баштаганда, түрмөнүн ичиндеги “каралар” “Кулов кире берсин” дешти. Артка кайтканга ыңгайсыз болуп калды. Айткандан кийин кеттик киребиз, эмне болсо ошол болот дедим. Кирип баратканда кандай ойдо болгонумду да ачык айтайын. Өзүм түрмөдө олтурган кезде эки наркоман бар болчу. Алар өздөрүн туура эмес алып жүргөндүктөн, катуу сөз айткан болчум. Алар “Байке, дагы көрүшүп калабыз” деп кетишкен. Ошолор ушул түрмөдө экенин билчүмүн. Ошону эстедим. Андан сырткары Батукаевди бет маңдай көргөн эмесмин. Мага профессионал экеним чоң артыкчылык болду. Анын сүрөтүн “Дело № ” гезитинен көргөн болчумун. Анын кыйшык мурду эсимде калыптыр. Кыргыздардын арасынан ажырата алсам керек деп ойлодум. Киргенде эле ушул деп ажыраттым. “Салам алейкум, Алейкум салам. Олтуруңуз, чай ичиңиз” деп сөз башталды. Чай куюп келишти, бир-эки ууртагандан соң “Жашоо кандай?” деген күнүмдүк эле сөздөр менен 3 мүнөткө жетпеген убакытта сүйлөштүк. Убакытты өткөрбөш үчүн жарадарлар барбы деп сурадым. “Жарадарлар жок” деген жооп болду. Кандайча?- деген суроого, “Баары өлтүрүлгөн” деп жооп берди. Өзүмдү араң эле кармап олтурдум. Андай болсо мыйзам менен гана сүйлөшөбүз десем, “Мыйзам менен гана” деди. Ким атты? Аткан адам азыр кармалат десем, “Мына, жыйырманчы Абдулин” деп көрсөттү. Болду, сен кармаласың. Куралыңды тапшыр деп айттым. Азизге, сен баардык түрмөлөргө администрацияны кууп чыккыла деп буйрук бериптирсиң, түрмөлөргө телефон чалып, администрацияны киргизгиле деп айткының дедим. Ал телефон чалганы кетти. Бирөө келип “Байке, “мужики” сиз менен сүйлөшөбүз деп жатат” деди. Барсам, өздөрүнчө сүйлөшүп турушуптур. Дароо эле баарын сурап жиберүүгө болбойт да. Алар менен да алгач саламдашып, жөнөкөй сүйлөштүм. Андан кийин, кандай болгонун айтып бергиле деп сураганымда, “Өздөрү курал менен кирип келишти” деп баштады. Аны тергөө иликтейт. Куралды тапшыргыла дедим. Тынычбек, аны кайтарып жүргөн жигиттер курал менен киришкен экен. Ошол куралдарды тартып алышкан да. Тынычбек жарадар болуп жатканда, Абдулин барып өлтүргөн экен.

— Рысбек Акматбаев инисинин өлүмүн сизден көрбөдүбү. Сизден өч алуу үчүн алгачкы кадамы кандай болгон?

— Кийин Рысбек Акматбаев мендеги Бөтөшев Арслан деген дзюдо боюнча спорт чебери болгон жигитти кармап, менин үйүмдү көрсөтүп берүүсүн талап кылат. Ал байкуш көрсөтүптүр. Аны Ала-Арча жакка алып чыгышып, машинадан түшүргөн соң Рысбек өзү “тапанчаны алып кел” деп буйрук бергенде, балдары экинчи машинадан тапанчаны алып келет. Бөтөшев 3 метр алыс туруп, бетин колу менен жаап “Байке, мен эмне кылдым?” деп жалтактайт. Рысбек “Түшүр колуңду” деп талап кылат. Колун бетинен алганда “баң” деп басат. Арслан өзүн жоготот. Ок экинчи колуна такалып калган. Эсине келгенде “Тынчыткыла” деп буйруйт. Жол андан кийин камыш, андан соң талаа болуп кетет экен. Арслан ошол жакка боюн таштап качканда, чыканагына атышып, жарадар кылат. Пахта материалдан тигилген шымын чечип качат. Эки киши машина оңдоп жатканын көрүп “Мени жарадар кылышты, жардам бергиле” десе, тигилер “Бар, кетчи” дешиптир. Алар мас адам деп ойлошкон экен. “Мен Феликс Куловдун айдоочусумун, мени атып жарадар кылышты” дегенде гана машинага салып, ооруканага алып келишет. Ал укук коргоо органдарына баардык көрсөтмөлөрдү берет. Рысбекти издей башташат. Рысбек болсо Бишкектеги Жибек жолу көчөсүндө жайгашкан Максим Бакиевдин үйүнө жашырынат. Кийин аянтка элди алып чыкпадыбы. Мен анда Москвада болчумун. Мага телефон чалып Рысбек аянтка элди алып чыкканын айтышты. Ал мени аянтка чык деп талап кылбады беле.

— Ошондо президент Курманбек Бакиев сизге “Чыгып жообун бер…” деп айткан экен. Экөөңөрдө ошондой сөз болгону ыраспы?

— Андай сөз болгон эмес. Тескерисинче, мен ага “Азыр мен чыгам. Эгер ал тескери кетсе, ошол жерден өлтүрөм! Сен менин мүнөзүмдү билесиң. Бандит генералга аянтка келип алып асылып жатат. Аны “замочу! Мени элдин көзүнчө шылдың кылгысы келип жатабы? Мен дагы өзүмдүн жигиттерим менен чыгам! Көрөбүз, ал ким экен!” деп айткам. Бакиев болсо “Андайдын кереги жок. Сен премьер-министр болуп туруп, анын алдында отчёт берип жатканың туура эмес” деген.

— Бакиев өзү чыкпады беле. Президенттин крим дүйнөнү башкарам деген адамдын алдына чыкканы туурабы?

— Бакиев “Мен өзүм чыгам” деди. Өзүң карап көр, бандиттин алдына чыгып отчёт бергидей ал ким?- деп айткам. Рысбек Максимдин үйүндө жашырынып жүргөндүктөн, ал дагы аралашып калган окшойт деп кийин ойлоп койгом. Качан Рысбекти өлтүрүп кеткенде, Максим Бакиев аябай кубанган дешет. Андан коркчу да. Рысбек элди көчөгө алып чыкканда, Суваналиев менен бирге сүйлөшүп, митинг болгон жерге бир дагы адам курал менен кирбеши үчүн милиция менен курчоого алганбыз. Экинчи күнү эски аянтта Жогорку Кеңештин алдына орноткон “шаарчасы” менен кошо талкалап, кууп чыгуу планын түзүп, балдарды даярдаганбыз. Ал биздин планды угуп, президент менен жолуккан соң “Президент биздин талаптарды укту. Биз тарайбыз” деп өз учурунда кетип калган. Болбосо, биз аны ошол жерде шылдың кылмакпыз да.

— Рысбекти биринчи жолу кайдан көргөнсүз?

— Мен Чүйдө губернатор болуп турганда Рысбек келген. Аны мага орус улутундагы Кузнецов деген полковник “Ушул жигитке жардам берип койчу?” деп алып келген. Алып келген жигити сүйлөшүп олтурганыбызда “Мен Ташкентке барып Салимбай менен жолугуп келдим…” деп тосуп алгандарын айтып баштады. Дароо анын сөзүнө анализ жүргүзүп, Рысбек экенин билдим. Ал Таш-Дөбө айылына жакын жерде бала бакча бар экен, “Мен ошону сатсам уруксатпы?” деп сурады. Бала бакча бизге карабайт, президенттин администрациясы чечет. Мен бул боюнча эч кандай жардам бере албайм дегем. Андан кийин көргөнүм жок. Рысбек “Менин бир тууганымды өлтүрүштү, Куловдун да бир туугандарын, жакындарын өлтүрөм” деген. Муну мага оперативниктер жеткиришкен. Аларга, Рысбек эч кимди өлтүрө албайт, ошол кадамга бара турган болсо өзүм аны өлтүрөм, ушуну жеткизип койгула дегем. Бир жумадан кийин Рысбекти өлтүрүп кетишти.

— Ким өлтүргөнүн билесизби?

— Ким өлтүргөнүн билебиз. Бирок, оперативдүү маалымат болгондуктан айтууга болбойт.

— Бийликтин адамдары өлтүрүшкөнбү?

— Жок, андай эмес. Свои разборки. Рысбекти жанында жүргөндөр “Кыргыз Чикатилосу” деп айтчу.

Маектешкендер:

Б. Назаралиев, Н. Асанбаев

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: