Menu

Кана, кайсыл көпөстүн аялы бай?

Бөлүшүү:

Ак  үй тараптан  байлардын кежигесин картылдатып тырматчу демилге көтөрүлгөнсүгөн. Ал качан күүгө келерин азырынча айта албайбыз. Бирок,ошол иш кыраатына түшсө далай бай аялдардын тизмеси жарк дей түшөөрү  айныксыз.  Анда эле менин бир костюм шымыман бөлөк эч нерсем жок деген шылуундардын   жүзү манаттай болуп кызарып чыгаары шексиз. Адалсынган молдонун үйүнөн жети камандын башы чыгыптыр дегендин  дал өзү бултайып чыкмак.  Дегинкисинде биздин эпчилдер байлыгын,кыймылсыз мүлктөрүн дайыма аялдарына, артканын бөлөсүнө,жээнине  каттатып жүрүшкөнү калп эмес.

Ошондой  жегичтердин туу башында жүргөн Аскар Шадиевдин мисалы буга айкын далил болуп берди. Көрсө ал да баардык мүлктөрүн,баалуу кагаздарын аялына тизмектеп өткөрүп берип,жойпуланып жүрүптүр, да кысталак! Буга окшогондор эми ченемсиз чыга баштайт. “Иттин өлүгү” казылган эле жерден далай сонундар мына мени карагыла деп суйкайып чыгып берерине толук кепилдик бар.  Ошондуктан убакытты көпкө созбой  мындай “демилгени” аша чапкан байлардан баштоо кажет. Киттер калып, чабактардан баштап жүберчү эски адаттардан кол  жууганыбыз оң болот. Жаңы шыпыргы жаңыча тазалоого өтсө элдин ишеними ойгонот.  Ушул маанилүү жумушту ийге келтирсе бийлик  көптөн берки  көмүскөдөгү  байлыктар чубала баштаары калетсиз. Азыркы бийликтин ушуга эрки жетеби,кеп ошондо…

Булак:  “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: