Menu

Москвада кармалган казак банкири Орусиядан саясий башпаанек сурады

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Москвада кармалган мурдагы казакстандык банкир Жоомарт Ертаев 40 суткага үй камагына алынды. Мындай чечимди 11-майда Москванын Пресненский райондук соту кабыл алды. Ал мекенинде акча уурдоого айыпталууда.

Прокурор Казакстан тарабынан эл аралык издөөгө алынган мурдагы банкир үчүн 16-июнга чейин камакка алуу баш коргоо чарасын сурап, бул өтүнүчүн Ертаев чет өлкөгө качып кетиши же тергөөгө басым кылышы мүмкүндүгү менен түшүндүргөн.

Орусиянын «Коммерсант» гезити кабарлагандай, Жоомарт Ертаев сотто Орусия жарандыгын жана саясий башпаанек алуу үчүн тиешелүү мекемелерге документтерин тапшырганын билдирди. Маалыматка караганда, мурдагы банкир ага «улутчул казак патриоттору» тарабынан коркутуулар болуп жатканын жана мекенинде саясий негиздер менен куугунтукка алынып жатканын айткан.

Казакстан ТИМи Ертаев «Bank RBK» банкынын директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси болуп турганда жалган компаниянын 80 миллион доллар өлчөмүндө насыя алуусуна жардам берип, кийин каражатты кайтарып бербөө аракеттерин көргөндүгүн билдирди. «Коммерсанттын» маалыматына караганда, сотто Ертаев менен анын адвокаттары бул айыптоолорду четке кагып, насыя «Алма ТВ» кабелдик операторунун «Алмател» акциялар топтомун сатып алууга жумшалганын билдиришти.

2015-жылы Казакстандын Башкы прокуратурасы Ертаев «ишенип берилген мүлктү уурдаган» деп шектелип жатканын, бирок анын каякта экени белгисиз экенин билдирген. Ачык булактардагы маалыматтар боюнча мурдагы банкир акыркы үч жылдан бери Москвада жашап жүргөн.

Ертаев буга чейин мекенинде банк мыйзамдарын бузууга айыпталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2009-жылы өлкөнүн каржы полициясы Альянс банктын акционерлери менен менеджерлерин мыйзам бузууларга айыптап, Жоомарт Ертаев камакка алынган. Бирок көп өтпөй сот аны айып пул төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: