Эгер мамлекеттеги күч түзүмдөрү эркин коеберилип, жогору жактан көзөмөл болбой калган маалда өз капчыгын толтуруу үчун «бизнес» уюштураары дүйнөлүк тажрыйбада тастыкталган. Мына ошондой кырдаал бизде түзүлгөн жокпу деген суроо бүгүн кабыргасынан коюлууда. Себеби, У КМК өлкөдөгү өтө бай кишинин бири болгон Рустам Мамановду чыркыратып камап, чоо-жайын айтпастан темир торга киргизди. Мыйзам боюнча ар бир адамдын айыбын айтып, анан кармайт. УКМКнын өкүлү Р.Сулайманов: «Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу башка маалыматтар айтылбайт» деди. Мунда бир сыр барбы?
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ