Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча парламенттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатканда, депутат Сайдулла Нышанов суроо бергенге жазылып, бирок спикерден суранып кеткени белгилүү болуп калды. Социалдык тармактагы отурган мекендештер «биз бүт ишибизди токтотуп коюп, ЖКдагы жыйынды түз эфирден көрүп атсак, бул кайдагы депутат жыйындан кетип калган?» деп катуу ачууланышты. Чын эле, урматтуу депутат Нышанов, депутаттык милдеттериңизден дагы маанилүү иштериңиз бар болсо, кыйналбай мандатыңызды тапшырып эле койбойсузбу?
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ