Menu

Жарма ичип, алма жеп алтын алган Айсулуу

Бөлүшүү:

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

Спортко болгон шыгы мектеп жашында ойгонгон

Айсулуу Тыныбекова – аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери. 1992-ж. 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылында өсүп чоңойгон. Ата-энеси медицина кызматкерлери. Өзүнөн улуу эки эжеси, агасы жана иниси бар. Айсулуу мектеп курагында кыздарга караганда балдарга жакын өскөн. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыга баштап, улуу муундагы кишилерден биринчи жолу “кыз башы менен үйдө эле отурбайбы” деген сөздөрдү укканын айтат. Мектепте жакшы окуган окуучулардын катарын толуктап, классташтары менен отурушка, кечелерге көп барган эмес. 10-классты бүткөндө күрөш менен машыгып борборго бат-баттан каттагандыктан, мектепти Бишкек — Кочкор жолунда аяктаган. 8-класска чейин мектепте баскетбол боюнча курама команданын капитаны болгон. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыга баштаган. 10-классты бүткөндө күрөш менен машыгып, борборго бат-баттан каттаганын айтып жүрөт. Алгач күрөш боюнча Нарын облусунун биринчилигине катышып, ыкмасы жок эле, кара күчкө салып чемпион болгон.

Мекендин суусу, абасы табылгыс деп эсептейт

Айсулуу мекени Кыргызстан башка өлкалөрдөн абасы, суусу менен айырмаланат деп эсептейт. Чет өлкөгө чыгарда дайыма жарма, нан, кукси, алма салып алат. Себеби чет жерде табити такыр жоголуп кетет экен.

Майда жумуштарды жыйыштырып койгон

2010-жылдан бери үй жумуштарын жыйыштырып койгон. Анткени андан улуу, бийик максаттарым бар деп эсептейт. Майда иштерди кылбай калдым деп кейибейт деле. Себеби спортту тандап кеткен жылдарга чейин эшиктин да, үйдүн да жумушун кылып, талаа иштерин да жасаганын эргүү менен эстейт. Спортчунун “бардык жумушту бүтүргөндөн кийин кечинде көчөнү чаң ызгыта ойногонго да жетишчүмүн” деп айтканы да бар.

Кыздын көзү кызылда

Спортчу классикалык үлгүдөгү костюмдарга жакын жана классика эч качан модадан калбайт деген принципти карманат. Чет өлкөдөн көйнөк алмайынча келбейт. Башка кыздардай эле бийик такалуу бут кийимдердин күйөрманы. Айсулуу кийимдери тууралуу “кичинемде апам сонун көйнөктөрдү сатып берип куурчактай кылып кийинтип койчу. Ошондон улам болсо керек, бийик такалуу бут кийимдерге, көйнөктөргө бала кезимден жакынмын. Мен чоңойгон сайын апам: “Айсулуумдун мүчөсү сындуу, буюрса, модель болот” дечү. Окуучу кезде шиш така кийгеним үчүн урушту көп укчумун. Бийик такалуу бут кийимдерим көп, айрым дары бир-эки жолу эле кийилген. Жай таман кийсем бут түйүлө берет. Ошондуктан эң жапыз дегенинин да 2-3 сантиметр такасы болот. Ал эми көйнөктөргө келсем, мага жаккан көйнөк чыкса эч ойлонбой, баасына да карабай сатып алам. Алып жатканда “муну кайда, качан кием” деп да ойлонбойм. Башкысы ал мага жактыбы, жараштыбы, демек, гардеробумда турушу керек. Чет мамлекеттерден көйнөк алмайынча келбейм” деп айтканы бар.

Айсулуунун жетишкендиктери

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону.

— Кыз-келиндер арасында өткөн Кыргызстандын чемпионатынын бир нече жолку жеңүүчүсү

— 2010-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионагында коло медаль

— 2012-жылы Алматыда өткөн лицензиялык турнирде күмүш медаль

— 2013-жылы Таиландда өткөн жаштар арасындаты Азия чемпионатында алтын медаль

— 2013-жылы Болгарияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль

— 2013-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль

— 2013-жылы Казань шаарында өткөн дүйнөлүк универсиадада коло медаль

— 2014-жылы Астанада өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль

—2014-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында коло медаль

— 2017-жылы Ислам тилектештин оюндарында алтын медаль

— 2017-жылы Францияда өткөн дүйнө чемнионатында коло медаль

— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемнионатында алтын медаль

— 2015-жылы Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль

— 2016-жылы Бангкокто өткөн Азия Чемпионатында алтын медаль

— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль

— 2017-жылы Туркмөнстандын Ашхабад таарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш медаль

— 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемнионатында алтьн медаль алган.

КРдин эмгек сиңирген спортчусу, “Данк” медалынын ээси.

Тыныбекова Нурбек Изабеков менен Түгөлбай Базакечевдин жетекчилиги алдында машыгат.

Балбандардын ичинен Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алты байге утуу менен тарыхка кирди. Ал эми 2007-жылы Канат Бегалиев, 2018-жылы Жоламан күмүш байке алышкан.

Мындан тышкары, Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: