«Сооронбай акемди шылтоолоп, мени спикерликтен алып койду» деп Асылбек Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевге таарынып жүргөнү ачыкталабы? Кризистик кырдаалда Сокенин премьер-министрликке келгенине, кыйынчылыктын арты менен агасынын карьерасы опурталдуу болуп турганына тынчсызданган экс-спикердин ичинде кө-өп нерсе бугуп жатышы мүмкүн. Бир олутуу жагдайды эске алсак, буга чейин Жогорку Кеңеште жана оппозиция жаатында А.Шаршеновичке карата бир топ сын пикирлер айтылган, атургай каралоого да алышкан. Мына ошондо А.Жээнбеков бир да жолу президентти колдоп, калыс сөзүн айтпай койгонунда эмне сыр бар? Ушул суроого каарманыбыз жооп узатып койсо жакшы болмок. Же мунун өзү А.Атамбаевге карата таарынычпы? Акыр аягы кек сактоо менен карама-каршы жээкке өтүп кетпейби?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ