Menu

Фото – Алай районундагы Кең Жылга айылында жаңы спорттук комплекстин ачылышы болду

Бөлүшүү:

Алай районундагы Корул айылдык аймагынын Кең Жылга айылындагы Ж.Алимов атындагы орто мектебинин жаңы спорттук комплексинин ачылышы болду. Ачылыш аземге КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана мектеп жамааты катышты. Ош облусунун башчысы жалпы элге куттук айтып “Мен Алайда аким болуп турганда долбоор даярдалып курулуш иши башталган эле. Мына бүгүн курулушу аяктап барыбыздын кубанычыбыз чексиз. Спорттук зал сиздердин айылга эң керек болчу. Мен билгенден жоон билек кыргыздын туу көтөрөр жигиттери арбын. Мына эми аларга шарт түзүлдү. Буга чейин ар кайсы жерде өз алдынча машыгып, мүмкүнчүлүгүнө жараша өздөрү аракет кылышчу. Мен ойлойм эми сиздердин айылдан Алайдын эле эмес бүтүндөй кыргыз элинин намысын коргогон, дүйнө чемпиондору чыгарына ишенем. Мындай спорттук залдар жана мектеп имараттары, балдар бакчалардын курулуштары учурда Кыргызстан боюнча бардык аймактарда курулуп жатат. Көпчүлүгүнүн курулуш аяктап пайдаланууга тапшыруу алдында турабыз. Алардын бири сиздердин мына бул жаркыраган спорттук залыңыздар”- деп кошумчалады.

sportkompleks-alaj2

sportkompleks-alaj3

sportkompleks-alaj4

sportkompleks-alaj5

Мектептин жаңы курулган спорт -комплексинин  курулушу 2012-жыл башталган. Жалпысметалык баасы 22млн сомду түзүп курулуш мамлекет каражатына тургузулду. Спорттук залы 3 залдан турат.  1-спорттук зал(көрүүчү залы да бар),  2-күрөш залы,  3- машыгуучу (тренажердук) зал. Спорт –комплекске балдар жуунуучу  душ  коюлган, аристон орнотулган, жылуу  суу бар. Септик менен канализация  ишке киргизилген. Балдар чечинүүчү жай, коплекстин ичинде  ажаткана бар.Спорт залдын имаратынын  алдына брусчатка төшөлгөн, Жылытуу системасы  ишке  киргизилген, спорт- комплекстин имаратына өзүнчө атайын котельный  курулган.Тренажердук  залга эмеректер алынган, күрөш залга мат, волейбол  үчүн сетка баскетболго да керектүү  эмеректер алынган.

Мектеп типтүү эмес болуп 1976 –жылы ашар жолу  менен курулган. Учурда 41мугалим эмгектенип, 390 окуучуга таалим-тарбия беришет. Буга чейин спорттук залы жок болуп кышкысын суукта, жазында ысыкта кыйын шартта сыртта спорт менен алектенип келишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: