Адатта эки кадам болсо да алдыны көрө билген, өлкөсүнүн прогрессивдүү өнүгүшү үчүн жанталашкан өлкөлөрдүн бийлиги инвесторлорду тартууда да, сырттан насыя алууда да реалдуу программаларын сунуштап жатканын көрүп, угуп жүрөбүз. Мисалы, инвестор тартуу менен самолеттордун тетигинен тарта жеңил автомашиналарды чыгарып жаткан Өзбекстан мамлекетинин бийлиги Россия мамлекети менен биргеликте атомдук электро станцияны курууга киришти. Биздечи? Бир эле «живой пример», накта «анекдот»… Ал мындай: Кыргыз өкмөтү Эл аралык өнүгүү ассоциясынан (МАР) өлкөдө жылуулукту камсыз кылуу максатында меш сатып алат элек деп жардам сурап, ал ардан 46 миллион долларлык насыя алуунун алдында турганы Жогорку Кеңештин өткөндөгү жалпы отурумунда кабарланды. Акчалардын жарымы насыя, жарымы грант түрүндө келет экен. Ошол алынчу акчалар менен биздин өкмөт мамлекетибиздин жылуулук маселесин ушинтип чечмек болушуптур. Меш сатып алышып. Ооба, кадимки эле меш, 14 миң меш. Аны аз камсыздалган үй-бүлөөлөргө таратабыз деп атат. Бирок, мешти алуу үчүн анын наркынын 30 пайызын төлөшүңүз шарт экен. Өкмөттүн өлкөдөгү жылуулук маселесин чечүүгө багытталган бул «тапкычтыгы» депутаттардын кыжырына тийди. «Бул деген акчаны жөн гана асманга сапыруу», «Бизде мештен башка башка маселе жокпу?», «Байыркы доордогудай чет жактан меш сатып алат элек деп жардам сураганыбыз уят», «Өлкөнүн имиджин ойлойсуңарбы?»-деп чыгышты, бир топ эл өкүлдөрү. Баамыбызда, өкмөттүн мындай идеясын коомчулук деле жактыра берген жок.
Булак: “Айгай-пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ