Кечээ, 8-декабрда Бишкекте өткөн теңирчилердин “Кыргыз элинин дүйнө таанымы, дини жана ишеними – Теңир” аттуу илимий-практикалык жыйыны 6 чечимден турган резолюция кабыл алды. Андан теңирчилер: Кыргыз элинин материалдык жана руханий баалуулуктарын укук талаасынын чегинде, цивилизациялуу формада коргоп, аларды келечек урпактарга кемитпей жеткирип берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына ылайык Теңир дини мамлекеттик расмий каттоодон өтсүн. Теңир дининин теориялык негизи катары Гүлзат Аалиева менен Кылычбек Кыдыршаев даярдаган «Концепция» кабыл алынсын. Президентке Ачык Кайрылуу менен Конференциянын резолюциясы Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлсүн.Теңир динин каттоо тууралуу Бишкек район аралык сотунун чечимин аткарбаган мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси Кырыгыз Республикасынын ички иштер министрлиги аркылуу жоопко тартылсын. Кыргыз элинин руханий кайра Жаралуусу боюнча 2019-жылдын 16-мартында Элдик Курултай өткөрүлсүн деген чечимдерди кабыл алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ