Menu

Кадыр Калилов, журналист: Коомдук, мамлекеттик ишмер Cултан Ибраимовдун эмгеги адилет бааланды

Бөлүшүү:

— Оболу кыргыздын чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмери Султан Ибраимов жөнүндө “Өчпөс ысым” аттуу китебиңиздин кандай жазылып калганы менен окурман калкын кабардар кылсаңыз?

— Кандай гана чыгармабы, китеп болобу айтор, жөн жеринен жазылбайт. Улутубуздун улук уулу Султан Ибраимов 1980-жылы 4-декабрда киши колдуу болуп каза болгонун тастыктаган маалымат 1990-жылдарга чейин эч бир маалымат булактарына жар салынбай, бүдөмүк бойдон калган. Ошол нерсе мени узак учур түйшөлтүп, беймаза абалга кабылтып жүрдү. Анан Султан Ибраимовдун өмүр баянына кызыгып, ал киши тууралуу тиешелүү материалдарды чогулта баштадым. Бул оюмду кызы Элмира Султановнага айтканымда шыр эле колдоду. Ошонусуна ыраазымын. Көрсө кызында атасынын улуу касиети бар экен. Коюлган маселени шыр чечкен.

— Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги маараке Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 21-ноябрь күнү белгиленбедиби. Ошондо көгөзмөгө коюлган сиздин китебиңиз иш-чарага келгендердин көңүлүн бурганын белгилеп кетсе болот. Ал тургай мамлекет башчы да сиздин китепти көрүп кыйлага назар артып туруп калганын көргөндөр айтып чыгышты. Сиз да бул мааракеге катыштыңызбы?

— Албетте, катыштым. Кызы Элмира Султановна өзү телефон чалды. Демилге көтөрүп замандашы Жаңыбай Туманов экөөбүз атайын төш белги чыгардык Султан Ибраимовдун элеси чагылдырылган. Аны маараке маалында замандаштарына, мезгилинде чогуу иштегендерге таратып бердик. Алар чын дилинен ыраазычылыгын билдиришти. Ошол иш -чарага катышкан мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков маалында бул улуу инсанга болгон сый-урмат, анын жасап кеткен эмгектери толук түрдө бааланбай, расмий түрдө жазылбай калганына мааракеге катышкандардын көңүлүн бурду. Ошону менен бирге Султан Ибраимовго Кыргыз Республикасынын Баатыры деген ардактуу наамды ыйгарууну сунуштаганда залдагылар кыйлага чейин ордуларынан тик туруп дүркүрөтө кол чабышты. Мен ойлойм бул Өлкө президентинин көп жылдардан бери эңсеп келген илгери үмүтү болсо керек деп. Эмгеги адилет бааланганына журтчулук кайдыгер караган жок деп бүтүм чыгарууга болот.

Ж.Улукшер

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: