Menu

БУУ: Тажикстан жарандык согуш учурунда дайынсыз жоголгондорду аныкташы керек

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Тажикстан өкмөтүн жарандык согуш учурунда дайынсыз жоголгон кишилердин тагдырын иликтөөгө жана алардын сөөгүн жакындарына берүүгө чакырды.

БУУнун эксперттеринин пикиринде, ушундан кийин гана тажик өкмөтү буга чейин маани берилбей келген “терең жараны айыктыра алат”.

БУУнун зомбулук жолу менен дайынсыз жоголгондор боюнча жумушчу тобунун баяндамасы уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинде сентябрдын аягында каралган. Анда жарандык согуш аяктагандан бери адам укуктарынын бузулушуна карата, анын ичинде куралдуу жаңжал учурундагы дайынсыз жоголгондорду табуу боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнү белгиленген.

Тажикстан өкмөтүнүн Адам укуктары боюнча кеңешке жолдогон расмий жообунда мындай бүтүм туура эместиги, өкмөт бул кылмыштардын бетин ачуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн тиешелүү чараларды көрүп жатканы айтылган.

1992-жылы өкмөттүк аскерлер менен оппозиция күчтөрүнүн ортосунда башталып, жети жылга созулган жарандык согуш 50 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып, жүздөгөн адам дайынсыз жоголгон.

БУУ тажик өкмөтүнө дайынсыз жоголгон кишилер көмүлгөн жайларды аныктап, сөөктөрдүн калдыктарын жакындарына өткөрүп берүүгө чакырууда. Баяндамада жарандык согуш учурунда канча киши жоголгону так көрсөтүлгөн эмес.

Уюмдун эксперттери Душанбени жарандык согуш учурунда жоголгондордун тимесин түзүүгө үндөйт. Тажикстандын БУУдагы өкүлү Жамшед Хамидов бул сунуш каралышы мүмкүн экенин айтты.

Жамшед Хамидов Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында жарандык согуш учурунда жети киши гана дайынсыз жоголгонун айткан. Алардын үчөө өлтүрүлгөнү аныкталган.

БУУнун жумушчу тобунун баяндамасында соңку жылдары чет өлкөлөрдөгү тажик оппозициячылары дайынсыз жоголуп, кийин Тажикстанда табылганы жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы да белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: