Menu

Темир Сариев менен Канат Исаев кол кармашты

Бөлүшүү:

Кечээ орус драма театрынын кашындагы жаштардын «Охота на овец» дискобарында Темир Сариев менен Канат Исаев жолугушуп, өткөн-кеткенди эскеришип, эски таарынычтарды унутуп, мындан ары ынтымакта жүрүүнү оң көрүшүп кол кармашканы маалым болду. «Эр чекишпей бекишпейт» деген макалды эске алган Туйгунаалы Абдраимов менен Сабыр Муканбетов (Карышкыр) «болор иш болду, жаман-жакшы көрүнүштүңөр, эми баарын унуткула, жамандык-жакшылыкта кезигишкенде бири-бириңен четтеп турсаңар уят болот, жүзүңөр жарык болсун, эскини унуткула» десе, эки эрен ордуларынан туруп, коюн-колтук алышып, «шайтан азгырган» эски дартты артка калтырышканы белгилүү болду. Не дейбиз? Ылайым, кыргыз жергесинде тынчтык болуп, кокту-колоттун тыңчыкмалары ич ара ынтымакта болсун! Ошондо гана жалпы улуттук идеялар ишке ашышы мүмкүн.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: