Menu

Энергохолдингдин жетекчиси Азамат Абдыкадыровго ыңгайсыз суроолор: Экспорт токтогонуна 3 жыл болду, эмне себептен тариф арзандаган жок?

Бөлүшүү:

2014-жылы электр энергиянын таңсыктыгы жаралып, өкмөт Казакстандан сатып алганга мажбур болгонун билебиз. Ошол жылы тарифтерге өзгөртүү киргизилип, 2015-жылдын 1-январынан тарта электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдалангандар 70 тыйын, 700 киловаттан ашыргандар 1 сом 20 тыйын төлөмөй болгон. 2015-жылдын 1-августунда тарифтер кайра өзгөрүп, 700 киловатт-саатка чейин пайдалангандар 77 тыйын, 700 киловаттан ашыргандар 2 сом 16 тыйындан төлөө тарифи киргизилген. Тарифтердин баары Казакстандан импорттолгон электр энергиясынын наркын эске алуу менен коюлганын билдирип, эгер электр кубатын сатып алууну токтотсо, тарифтер арзандай турганын айтышкан. Бирок, Атамбаевдин электр энергия тармагындагы «мафиялык» бийлиги айтканын аткарбай, тарифтерди калыбына келтирген жок. Элдин жон терисин тилүүдө. Ошондой эле акылдуу эсептегичтер боюнча нааразычылык күч. Муну жаңы бийликтин жаңы кадры катары Азамат Абдыкадыров качан чечет?

—Азамат мырза, барына маалым болгондой Казакстандан энергия экспорттолгон маалда тарифтер көтөрулгөн. Экспорт токтогондо тарифтер мурдагы калыбына келет деп айтылган. Экспорт токтогонуна 3 жыл болду, эмне себептен тариф арзандаган жок? Атамбаевдин «мафиялык» системасын качан тазалайсыз?Андан сырткары акылдуу эсептегичтер ашыкча эсептеп жатканы калк ичинде кеңири айтылууда, буга качан чара көрөсүз?

Автор: Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: