Menu

Текебаевдин арызын Башкы прокуратура карап жатат

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдай катары көрсөтүлгөн учурларды карап жатат. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаттарынын бири Таалайкүл Токтакунова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ишти прокуратуранын атайын башкармалыгынын тергөөчүсү Алишер Рустамбаев карап жатат.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча арызды кароо боюнча тапшырма берилгенин жана мыйзамдын негизинде караларын билдирген эле.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык, анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага 22-майда кайрылышкан. Алар Өмүрбек Текебаевди “Мегаком” чырына байланыштуу айыпка жыгып, “миллион доллар пара алган” деп көрсөтмө берген чет өлкөлүк жарандар Модин менен Маевскийдин көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тастыктаган документтер бар экенин билдиришүүдө.

21-майда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика – Ата Журт” фракцияларынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу зарыл экенин айтып чыгышкан.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Мегаком” чырына байланыштуу “Коррупция” беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга “орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: