Бултактатпай түз айта турган болсок президенттин жүргүзүп жаткан саясатынан улам Бишкек мэри Албек Ибраимов жакын арада кызматынан кол жууйт. Албетте, Албек мырза Атамбаевдик командада болгону үчүн эмес. Коррупциялык иштерге байланышы болгондугу боюнча. Мындан улам бошогон мэрликти мелжеп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев түн уйкудан калууда. Ибраимов «крит» кетсе эле, ордуна мен келем деп шымаланып турган чагы. Эми бул бир Кудайдан дейли. Арийне, Кененбаев мырза шаардык кеңешке төрага болуп келгенден бери бир дагы жолу кыргызча жыйын алып барганын көргөнүбуз жок. Аты-жөнүн карасак кыпкыргызча. Кыргызча эки ооз сөздү кошуп сүйлөй албаган эргул мэр болсо «киргизче» саясат жүргүзөбү? Элибиздеги «Эне-тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт» деген сөз жөн эле уйкаштыгы үчүн айтылып калган эмес да. Аныгында, Кененбаев мэр болсо эле Бишкектиктер кенен дем алып, көчөлөр кеңейе түшүп, кененчилик заман келе калабы? Албетте, Албектен ашып түшүп, шаардыктары жыргатып ийээрине ийненин көзүнчөлүк ишеним азырынча жок.
Булак: De-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ