«Жакыныңызга тез арада акча керек, кырсыкка кабылды» деп телефон аркылуу алдап жүргөн шылуундар кармалышты. Бул тууралуу 7-февралда Ош шаардык ички иштер башкармылыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн оперативдүү иш-аракеттеринин натыйжасында өткөн жыл аралыгында бир нече адамдарды телефон аркылуу алдап, ири суммадагы акчаларын алып жүргөн жаран кармалган. Ал 1981-жылы Ноокат районунда туулган, мурда 9 жолу соттолгон Мухаметали Абдивапов болгон. Жаза өтөө мекемелеринин биринде телефон аркылуу карапайым элди алдап, акчаларын 28 жаштагы айымдын жардамы менен алып турган. Милиция тарабынан анын жасаган кылмыштары боюнча тиешелүү далилдер табылып, анын мурдагы жасаган (алдамчылык) кылмыштары боюнча өтөп жаткан кылмыш мөөнөтүнөн калган 9 жылына кошумча дагы 16 жыл кошулуп, жалпысынан 25 жылга Ош шаардык соту тарабынан эркинен ажыратылды.
ШИИБдин маалыматына ылайык, жабырлануучулардан жалпы алган акчасы 600 миң сомдун тегерегинде болгон. Учурда анын 1990-жылы туулган кылмыштуу шеригинин үстүнөн бул кылмыштар жана башка дагы жасаган кылмышы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ