Тажикстан ислам борбору аялдарын салттуу эмес сексуалдык мамилелерге мажбурлаган эркектерди сынга алды.
Тажикстан ислам борборунун башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзода аялдарын оралдык секске мажбурлаган эркектер чоң күнөөгө батарын билдирди.
Тажик динаятчысынын айтымында, интернет жана порнофильмдер мындай “бузукулуктун” булагы болууда.
Саидмукаррам Абдулкодирзода күйөөлөрүнүн мазактоосуна кабылган аялдардын даттануусунан кийин кылдаттыкты талап кылган бул тема боюнча 11-июнда чечим чыгарган. Аялдар Орусиядан кайтып келген күйөөлөрү аларды оралдык секске мажбурлап жатканын айтып даттанышкан.
Тажикстандык дарыгер, “Үй-бүлөлүк жашоо сырлары” китебинин автору Мулозухур Тохирив Тажикстанда оралдык секс популярдуу эмес экенин билдирди. “Дарыгерлер мындай сексти эркектик дарамети алсырап калгандарга сунушташат”,-деди ал
Эки жыл мурун башка бир тажикстандык диний ишмер Кобилджон Боев интимдик оюнчуктарды сатуу идеасын сынга алган.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ