Menu

Кубанычбек Кулматовго ыңгайсыз суроолор: Сиз чалчактап эркелеген доор бүттүбү?

Бөлүшүү:

Экс-президенттин тушунда сиз барбаган майлуу-сүттүү кызмат калган жок. Тилекке каршы, бир жерде дагы элдин алкышын уккан иш жасаган жоксуз, чынбы? Бирок гүлдөн-гүлгө конуп ширесин соргон аарыдай жалаң акчанын үстүндө жүрдүңүз. Алсак, Бажы кызматынын төрагасы, Чүй облусунун жетекчиси, Бишкек шаарынын мэри, президенттин кеңешчиси, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы, Улуттук банктын төрагасы, Бажы кызматынын жетекчиси болуп, жети жылда тебетей алмаштыргандай кызмат котордуңуз. Элге кандай пайда келтирдим деп ойлойсуз? “Көп баскан аяк бок басат” болуп, учурда гүлдөн-гүл тандап жүргөнүңүздүн кесепетин тартып, коррупцияга шектелип УКМКнын абагында отурасыз. Ушундай күн башка түшөөрүн сездиңиз беле? Башыма кара булут айланат деп түк ойлонбогонуңузга эми өкүнүп жатасызбы? Эртедир-кечтир кол менен жасаганды моюн менен тартчу учур келет бекен? Камалаар алдында «Мага козголгон кылмыш ишинде саясат бар» – дегенди айттыңыз эле. Ошондо сиз Бишкек мэри болуп турганыңызда ТБЕА компаниясы салып берген мектепке Бишкек шаарынын бюджетинен кошумча 90 миллион сом ашыкча каражат коротконуңузду мыйзамдуу деп эсептейсизби? Негизи мамлекетке зыян алып келгендер кандай жаза алыш керек деп ойлойсуз? Актанып өзүн “ак карга” көрсөтүш керекпи же жеп-ичкенин кусуп түрмөнүн төрүндө жазасын өтүш керекпи? Ак экениңизди соттон далилдегенге кудуретиңиз жетеби? Күнөөлүү деп табылсаңыз, коррупционер деген кара такты кантип жууп кетиресиз?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: