Menu

Британ парламенти брекзит боюнча бир дагы альтернативдүү сунушту колдогон жок

Бөлүшүү:

Британ парламентинин төмөнкү палатасы брекзит маселесин чечүү боюнча сегиз альтернативдүү сунуштун бирөөсүн дагы колдогон жок.

Парламент мындай добуш берүү өткөрүү чечимине Мэйдин келишимин эки жолу четке каккандан кийин барган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында брекзиттен кийин ЕБ менен бирге бажы биримдигинде калуу сунушун депутаттардын көбү колдогон. Бирок алар дагы көпчүлүктү түзө алышкан эмес.

Оппозициячыл лейбористтер колдоп жаткан кайрадан референдум өткөрүү сунушуна 268 депутат добуш берсе, 295 депутат каршы болду. ЕБден эч кандай макулдашуусуз чыгуу сунушун болгону 160 депутат колдогон.

Ошентип, парламент Тереза Мэйдин өкмөтүн өз стратегиясын өзгөртүүгө мажбурлай турган жолду тандай алган жок. Шаршембиде премьер-министр парламент анын Улуу Британиянын ЕБден чыгуусу боюнча планын жактыргандан кийин кызматтан кетерин билдирген. Буга чейин брекзитти колдогон айрым консерваторлор Мэйдин Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрүн сынга алып, аны өкмөт башчылыктан кетирүү керектигин айтып чыгышкан.

Шаршембиде парламент формалдуу түрдө брекзиттин мөөнөтүн 29-марттан 12-апрелге жылдырган. Бирок 12-апрелде Лондон ЕБге бул туңгуюктан чыгуу боюнча өз планын сунушташы керек. Бирок азырынча британ өкмөтүндө мындай план жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: