ЖКнын жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкерлердин тизмесине кирбей калган Турсунбай Бакир уулу БШКны сотко берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясына жана анын лидери Адахан Мадумаровго каршы арызын канааттандыруудан баш тартып, шайлоо мыйзамдарын бузган.
«Алар мени сотко жөнөтүштү, бирок менин арызымды карап, саясий уюмдун бурмаланган тизмесин каттоодон баш тартыш керек эле. Соттон бул чечимди жараксыз деп таап, БШКга жасалма документти каттабоону милдеттендирүүнү талап кылам», – деди Турсунбай Бакир уулу.
Ал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылат. Мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу партия лидери Адахан Мадумаров жана партия менен соттошпойт. «Мен ашыкча эч нерсе сурабайм. Бирок бардыгы мыйзамга ылайык болушу керек, ага ылайык БШК съездде бекитилген гана тизмени каттоого милдеттүү”, – деди Турсунбай Бакир уулу.
Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде БШК талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жол-жобосунун шайлоо мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин текшерет жана каттайт же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат. Текшерүү мыйзам менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ